Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:08

Түркияда НАТОнун жыйыны башталды


АКШ мамкатчысы Жон Керри НАТОнун тышкы иштер министрлеринин чогулушунда сүйлөөдө. Анталия шаары. 13-май 2015

АКШ мамкатчысы Жон Керри НАТОнун тышкы иштер министрлеринин чогулушунда сүйлөөдө. Анталия шаары. 13-май 2015

Түркиянын Анталия порт-шаарында НАТОнун тышкы иштер министрлеринин эки күндүк жыйыны ачылды. Жыйында Украинадагы кризис жана Жакынкы Чыгыштагы, анын ичинде Сирия жана Ирактагы коогалаң талкууланат.

АКШ мамкатчысы Жон Керри саммитте сүйлөп, Орусия жана Чыгыш украиналык жикчилдер үчүн жыл башында Минксиде кол коюлган келишимге ылайык жашоосуна ылайыктуу убакыт эшик кагып турганын эскертти.

НАТОнун башкатчысы Йен Столтенберг да Орусия козголоңчуларды колдоону токтотуп, Чыгыш Украинадан бардык аскерлерин жана оор аскер техникасын чыгарып кетиши керектигин айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG