Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Карачидеги булоондо 43 шииттин каны төгүлдү


13-май күнү автобуста зияратка баратканда атып өлтүрүлгөн шиит исмаилиттердин жакындары туугандары. Карачи ооруканасы.
13-май күнү автобуста зияратка баратканда атып өлтүрүлгөн шиит исмаилиттердин жакындары туугандары. Карачи ооруканасы.

Пакистандын түштүгүндөгү Карачи шаарында куралчан адамдар автобуска кол салып, 43 шиит мусулманды жайран кылды. Бир нече динзар жарадар болду. Провинциалдык полициянын зардалы Гулям Хайдер Жамалинин билдиришинче, динзарлар шиит исмаилиттердин азиз жайына табынганы баратышкан.

Кандуу булоонду ким уюштурганы азырынча беймаалым.

Шииттерди динбезер деп санаган талиптер менен сунни мусулман топтору буга дейре Карачиде бир нече жолу шииттерге кол салган. Пакистандын 200 млн. чамалуу элинин 20% жакыны шиит мусулмандары.

XS
SM
MD
LG