Непалдын аскерий күчтөрү 13-майда жоголгон америкалык тик учакты издешүүдө. Анын ичинде АКШнын алты аскери жана непалдык эки жоокер бар болчу. Тик учак 25-апрелдеги жер тербетүүдө катуу жабыркаган Долака аймагына гумжардам алып баратып, байланышка чыкпай калган.
Өткөн айда болгон 7,8 баллдык зилзалада 8 миңден ашуун адам өлүп, 20 миңдей адам жарадар болгон. 12-майда жер 7,3 баллга жетип солкулдады. Анын кесепетинен 67 адам өлүп, 1 100дөн ашык адам жараат алганы кабарланды.