Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Чаткалда сел миңге жакын койду агызып кетти


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын “Азаттыкка” билдиришинче, 13-майга караган түнү Чаткалда сел жүрүп, жергиликтүү чабан Нурланбек Арзыматовдун 950 баш коюн агызып кеткен. Бүгүн 120 тирүү кой жана 150 өлгөн койдун башы табылды. Калганы изделип жатат.

Мындан тышкары Ош облусунун Алай районунда 11-12-майда көнөктөп жааган жамгырдан улам Гүлчө суусунун деңгээли көтөрүлүп, 11 турак үйдү каптап кетүү коркунучу пайда болду. Өзгөндө жаандан улам Жазы суусунун тегерегинде топурактын эрозиясы пайда болду.

Таласта дагы кечээ 12-майда сел жүрүп, турак-үйлөрдү каптаган. Алдын ала маалыматтарга караганда 70 үйдү жана 18,5 гектар айыл чарба өсүмдүктөрү айдалган жерди суу каптаган. Сел Андаш каналына залакат келтирген.

Баткендин Лейлек районунда жаандан улам Патан суусу көтөрүлүп, сел жүрдү.

Ал эми Нарында Эмгек-Талаа айыл округунда 12-май күнү жаандан улам суу каналдары толуп кетип, үч-төрт турак үйдү каптаган.

Аталган аймактарда тазалоо иштери жүрүп жатат. (AzK\RsK)

XS
SM
MD
LG