Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Ооган талиптери уламалар жыйынына кол салды


Ооган аскерлери талиптер менен аткылашуу учурунда. Лашкаргах шаары. 13-май 2015
Ооган аскерлери талиптер менен аткылашуу учурунда. Лашкаргах шаары. 13-май 2015

Куралчан адамдар Ооганстандын Лашкаргах шаарында Гелманд провинциясынын Уламалар кеңешинин жыйыны өтүп жаткан жайга чабуул коюшту. Октон төрт жаран жана полициячы курман болуп, жети адам жараат алганын ооган полициясынын өкүлү Жан Ака билдирди.

Үч саатка созулган аткылашууда эки согушчан жок кылынган. Ооганстандын Уламалар кеңеши коопсуздук күчтөрүнүн талиптерге каршы согушун үзбөй колдоп жүрөт.

Талиптердин өкүлү Юсуф Ахмади карынын маалымдашынча, чабуул учурунда 15 расмий адам өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG