Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:50

Ирак: ИМ экинчи чоң командирин жоготту


Өзүн "Ислам мамлекетинин" халифимин деп атаган Абу Бакр ал-Багдади белгисиз жайда сөз сүйлөөдө. ИМ жарыялаган видео.

Өзүн "Ислам мамлекетинин" халифимин деп атаган Абу Бакр ал-Багдади белгисиз жайда сөз сүйлөөдө. ИМ жарыялаган видео.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун экинчи чоң командири жок кылынды. 13-майда Ирактын Коргоо министрлигинин өкүлү, бригада генералы Тахсин Ибрагимдин маалымдашынча, Абу Алаа ал-Арфи деген да ат менен белгилүү Абдул Рахман Мустафа Мухаммед абадан сокку урулган кезде Тал Афар шаарындагы мечиттин ичинде ондогон согушчандар менен чогулуш өткөрүп жаткан.

АКШ башындагы коалиция акыркы бир күндө согушчандардын Тал Афар шаарынын жанындагы аскер өңүттөрү жана оор техникалары жок кылынганын билдирген. Бирок, Ирак өкмөтүнүн маалыматы боюнча эч кандай билдирүү жасабады. Жихадчылар 2014-жылдын июнь айында Ирактын жана Сириянын чоң бөлүгүн басып алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG