Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Орусияда иштөөнүн жаңы жол-жоболору коомчулукка түшүндүрүлөт


Москва четиндеги Сахарово конушунда жайгашкан Миграция борборуна каттоого туруу үчүн келген Борбор азиялыктар.
Москва четиндеги Сахарово конушунда жайгашкан Миграция борборуна каттоого туруу үчүн келген Борбор азиялыктар.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан кийинки талаптар тууралуу коомчулукка маалымат берет. Бүгүн аталган мекемеде уюштурулуп жаткан жыйында Орусияга барып иштөөнүн жаңы жол-жоболору, кыргызстандыктарга берилүүчү жеңилдиктер тууралуу айтылат. Ошондой эле биримдик мигранттарга кандай социалдык камсыздоолорду сунушташы, медициналык жана пенсиялык төлөмдөрдөгү өзгөрүүлөр жөнүндө сөз болот.

Суроолорго министр Айбек Азыранкулов, Орусиянын федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Владимир Филиппов жана Эл аралык миграция уюмунун программалык менеджери Павел Щалусь жооп берет.

Жаңы жол-жоболорго ылайык, кыргызстандыктар мындан ары Орусияда мурдагыдай 7 күн эмес, 30 күнгө чейин каттоосу жок жүргөнгө акылуу. (SE)

XS
SM
MD
LG