Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Бишкекте Түгөлбай Сыдыкбековдун айкели тургузулат


Түгөлбай Сыдыкбеков.

Түгөлбай Сыдыкбеков.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун айкелинин капсуласы бүгүн Бишкектеги Ала-Тоо кинотеатрынын жанына куюлат. Бул боюнча мэриянын чечими жана өкмөттүн буйругу чыккан. Айкелди орнотуу ишин "Ата Мекен" партиясы, “Жетимен” фонду, “Түгөлбай ата” коому жана “Түгөлбай Сыдыкбеков” атындагы коомдук фонд уюштурууда.

Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көлдө төрөлгөн. 1997-жылы көз жумган. "Көк асаба", “Биздин замандын кишилери”, “Тоо балдары” романдары, “Зайыптар” үчилтиги жана башка чыгармалары коомчулукка белгилүү. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG