Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

Ошто жапырт сүннөткө отургузуу аземи өтүүдө


Ош шаарынын Черемушки кичи районунда “Сулайман-Тоо кайрымдуулук коомдук мекемеси” каалоочулардын балдарын акысыз сүннөткө отургузушууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” фонддун өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, жылда уюштурулуп туруучу аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери жана шаар тургундары катышууда.

“Учурда эки хирург иштеп жатат. Ар бир хирургдун кабыл алуусуна бир убакта отуздан бала киргизилүүдө. Дагы ондогон ата-энелер балдары менен кезекте турушат. Мындай жөрөлгө Ошто 15-майга чейин уланат. Баткен, Өзгөн, Жалал-Абад шаарларында да эки күндөн сүннөт жөрөлгөсү улантылат. Иш-чара гигиеналык жана коопсуздук эрежелерин сактоо максатын көздөйт. Анткени балдарын өз алдынча сүннөткө отургузган ата-энелер көп учурда бул эрежелерди эске алышпайт”, деп кабарлашты фонддон.

Ош шаарында былтыр бир эле учурда 350 бала сүннөткө отургузулган. (YI)

XS
SM
MD
LG