Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:18

Жети-Өгүздө пенсионерди өлтүрүүгө шектелгендер кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 7-майда Кызыл-Суу айылынын 61 жаштагы тургуну оор жаракат менен Жети-Өгүз райондук ооруканасына түшүп, кайра жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болгон.

Ыкчам иликтөө иш-чаралардын негизинде, оор кылмышты жасоого шектелип, Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну А. Азамат жана Кызыл-Суу аыйлынын тургуну Э. Нуржигит кармалды. Кылмышка шектелгендер убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери башталды. (AsA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG