Этникалык кыргыздарга жардам чогулткан “Элден элге” аттуу коомдук бирикме ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган бирикменин төрагасы Орозбек Муратов билдирди.
“Өткөн жылы ноябрда Ооган Памириндеги кыргыздарга барганда экспедиция мүчөлөрү ал жактагы кыргыздарга жардамды күчөтүү керек деп чечкенбиз. Алар билимге, медициналык жардамга өтө муктаж. Аларды теледен көргөндөн кийин жардам беребиз деген мекендештер көп болду. Мына ушуларды эске алып бирикме түзүп, атайын эсеп ачтык”, деди Муратов.
Бирикменин банк эсеби:
ОО «Элден-Элге» «Кыргызский инвестиционно-кредитный банк» (же KICB)
1280096018825052USD
1280096018824850KGS
1280096018825153EUR
Муратов түшкөн каражаттар атайын ревизиялык комиссия тарабынан көзөмөлдөнөрүн кошумчалады. Ошондой эле бирикме мүчөлөрү социалдык тармактарда жардам чогултуу акциясын өткөрүшүүдө. (МТо)