Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Сатаров: “ВБ” боюнча сюжеттердин объективдүүлүгү каралат


Коомдук телеканалдын байкоочу кеңеши “Вечерний Бишкек” басылмасы боюнча КТРК эфиринен кеткен материалдардын объективдүүлүгү жана бейтараптуулугу боюнча кийинки аптада жыйын өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” байкоочу кеңештин төрагасы Абды Сатаров билдирди.

Кечээ медиа эксперттер билдирүү таратышып, анда “Вечерний Бишкектин” айланасындагы чырга байланыштуу бир эле материал КТРК, 5-канал жана "Пирамида" телеканалынан көрсөтүлгөнүн, аны эфирге берүүдө бейтараптуулук, журналистикалык этика сакталбаганын билдирип чыгышкан.

“Вечерний Бишкектин” айланасындагы чыр былтыр күзүндө башталган. Басылманын мурдагы негиздөөчүлөрүнүн бири Александр Рябушкин сотко кайрылып, өз үлүшүн талап кылган. Рябушкиндин арызын Бишкек шаардык соту канааттандырган. Басылмада иштегендер буга Президенттин жакын адамдары кийлигишип жатат деп чыгышкан. (МТо)

XS
SM
MD
LG