Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:26

Кабул мейманканасына жасалган чабуулда 5 чет элдик өлдү


Ооган коопсуздук күчтөрү Park Palace конок үйүнүн дарбазасын күзөтүүдө. 14-май 2015

Ооган коопсуздук күчтөрү Park Palace конок үйүнүн дарбазасын күзөтүүдө. 14-май 2015

Кабулдагы чет элдиктер көп токточу конок үйүнө талиптер 13-майда жасаган чабуулда беш адам өлдү, алты адам жарадар болду. Полициянын акими Абул Рахман Рахиминин билдиришинче, өлгөндөрдүн төртөө индиялык жана бирөө АКШ жараны. Калган 54 конок, анын ичинде 45 чет элдик аман-эсен.

Полиция үч жанкечтини бомбасын жардырганга үлгүртпөй жок кылган. “Чабуул кандай башталганын иликтеп жатабыз. Себеби чабуул мурдагыдай дарбазада бомба жардыруу же күзөтчүлөрдү өлтүрүү менен башталган жок. Ал мейманкананын ичинде башталды. Ошон үчүн террорчулар конок үйүнө кантип киргенин тергөөчүлөр аныкташы зарыл”, - деди генерал Рахими.

Талиптердин өкүлү Забиулла Мужахид “Азаттык” радиосуна чабуулду алар уюштурганын кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG