Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:09

Washington Post: Конгрессмендер SOCAR эсебинен Бакуга барган


Азербайжан мамлекеттик мунай компаниясынын (SOCAR) эски жана жаңы имараты. Бакы.

Азербайжан мамлекеттик мунай компаниясынын (SOCAR) эски жана жаңы имараты. Бакы.

АКШлык 10 конгрессмен жана Конгресстин 32 кызматкери 2013-жылы Бакудагы конференцияга Азербайжандын мамлекеттик SOCAR мунай компаниясынын эсебинен келген. "SOCAR изин жашыруу үчүн Кошмо Штаттардагы кирешесиз корпорация аркылуу 750 миң доллар которгон" деп жазды 13-майда Washington Post гезити Конгресстин этика боюнча купуя докладына шилтеп.

Бакудагы жыйында президент Барак Обаманын мурдагы үч мартабалуу жардамчысы сөз сүйлөгөн. Америкалык коноктордун ар бири жибек шарф, кристалл чайнек-пияла жана азербайжан килемин белекке алган.

Конгресстин иликтөөчүлөрү конгрессмендер менен кызматкерлердин сапары тыш өлкө тарабынан каржыланганын билгенин ырастаган далилдерди табышкан эмес деп жазат Washington Post.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG