Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Ала-Букада селден улам 9 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү


13-май күнү кечинде райондун 1-Май жана Шакафтар аймактарында сел жүрүп, 30 турак жайды каптаган. Мындан улам 9 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу район акими Алымкул Кулуев “Азаттыкка” билдирди.

Мындан сырткары табият кырсыгы 25 чакырым жолду, суу түтүктөрүн, 62 даана бетон арыктарын жарактан чыгарды. Учурда жергиликтүү комиссия аймактарда тактоо иштерин жүргүзүүдө. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян болгон жок. (RsK)

XS
SM
MD
LG