Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Москвада Айтматовдун чыгармаларынын 4 томдугу жарык көрдү


Москвадагы чет элдик адабияттардын бүткүл орусиялык мамлекеттик китепканасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын төрт томдугунун бет ачары өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

“Чыңгыз Айтматов. Кайтып келүү” деген аталышта өткөн иш-чарага Орусия менен Кыргызстандын мамлекеттик ишмерлери, Мамлекеттик Думанын депутаттары, чыгармачыл адамдар, чет мамлекеттердин элчилери жана жазуучунун күйөрмандары катышты.

Коноктор Айтматовдун талантынын көп кырдуулугу, аты дүйнөнүн кыйырына тарагандыгы, чыгармаларынын түбөлүктүүлүгү тууралуу кеп салышты. Аталган төрт томдук белек катары берилип, сатыкка чыгарылбайт. (МТо)

XS
SM
MD
LG