Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

Жаштар диний экстремизм, чек ара маселелерин талкуулашат


“Жаштар - туура кадам, таза максат үчүн” аталышындагы эки күндүк республикалык жаштар форуму бүгүн Ала-Бука районунда башталды.

Форумдун жүрүшүндө диний экстремизмди алдын алуу, этностор аралык мамилелерди чыңдоо жана чек ара көйгөйлөрүн чечүүдөгү жаштардын орду талкууланат.

Бүгүн катышуучуларга райондогу “Шах-Вазил” тарыхый археологиялык комплекси тааныштырылып, кечинде жаштар борборлору ишке ашырган долбоорлордун бет ачары болот. 15-майда темаларды талкууга алышат.

Иш-чара облустук бийлик тарабынан уюштурулуп, ага Бириккен улуттар уюму колдоо көрсөтүүдө.

Форумга Өзбекстандын Наманган жана Тажикстандын Согди облусундагы жаштар да чакырылган, бирок алар келе алышкан жок. Учурда өлкөнүн бардык облустарынан 300 делегат катышууда. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG