Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:03

Түмөнбаев: “Ысык-Көл” фондунун ишине нааразылык көбөйдү


Каракол шаарындагы “Ысык-Көл” өнүктүрүү фонду каржылаган Ильяз Бийбосунов атындагы педагогикалык окуу жайынын оңдоо иштери 4 жылдан бери бүтпөй жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган окуу жайдын жетекчи орун басары Өмүргазы Түмөнбаев билдирди.

“2011-жылы окуу жай имаратын оңдоо үчүн фонддон 3,8 млн. сом бөлүнүп, тендерди «Вадим-строй» жана «Жоомарт-Элес» курулуш компаниялары уткан. Эки компания тең жумушту жарым-жартылай бүтүрүп, акча жетпей калды деп, токтотуп коюшкан”, дейт Түмөнбаев.

Анын айтымында, 3 жылдан бери курулуш компаниянын өкүлдөрүнө, өнүктүрүү фондунун жетекчилигине кайрылып жооп ала албай жатышат.

Мындан сырткары Балыкчы шаарындагы балдардын ден соолугун чыңдоо борборунун имаратын бала бакча кылып кайра курууга фонд 6 млн. сомдон ашык каражат бөлүп, бирок курулуш иштери 2 жылдан бери бүтпөй жатканын Балыкчы шаарынын вице-мэри Бегайым Алгожоева билдирди.

Бул боюнча өнүктүрүү фондунун жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Аталган фонддун бюджети Кумтөр алтын кенинин кирешесинин 1 пайызынан куралат. Жылдык бюджети 360 млн. сомдун тегерегинде болот. (AsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG