Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Филиппин: фабрикадагы өрттө 72 адам набыт болду


Полициячылар желим бут кийимдер фабрикасынын өрттө өлгөн жумушчуларынын кендир капка салынган денелерин көтөрүп баратышат. Филиппин. 14-май 2015.
Полициячылар желим бут кийимдер фабрикасынын өрттө өлгөн жумушчуларынын кендир капка салынган денелерин көтөрүп баратышат. Филиппин. 14-май 2015.

Маниланын четиндеги Kentex Manufacturing Inc компаниясына караштуу эки кабат фабрикада сандал, жаргак, бутка илмелер сыяктуу желим бут кийимдер тигилчү.

Филиппиндин ички иштер министри Мар Роксас фабрикада 13-майда чыккан өрттө жайран болгондордун баарынын сөөгү табылганын маалымдады: "Биз бардык денелерди таптык. Куткаруучулар чала каралдыбы деп, урандылардын астын дале аңтарышууда. Алар бардык 72 адамдын денеси табылды дешүүдө”.

Ширеткич аппараттан чачыраган учкун желим сандалдарды жасоодо колдонуучу химикаттар салынган контейнерге тийгенде ал жарылып, фабриканы өрт каптаган.

XS
SM
MD
LG