Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:45

Олланд: Украинада ок атышпоо шартын бузууга болбойт


Президент Порошенко Британияда жасалган "Saxon" бронетранспортерду Киевдин сыртындагы аскердик полигондо сынап көрүүдө. 4-апрель 2015

Президент Порошенко Британияда жасалган "Saxon" бронетранспортерду Киевдин сыртындагы аскердик полигондо сынап көрүүдө. 4-апрель 2015

Украина чыгышындагы ок атышпоо шартын бузууга “ынанып болбойт”. Мындай пикирин Франция президенти Франсуа Олланд 14-майда Германиянын Аахен шаарында украиналык кесиптеши Петро Порошенко менен болгон кыска сүйлөшүүдөн соң билдирди. “Бул жаңы жаңжалга түрткү болушу мүмкүн. Биз аларга бул тууралуу эскертишибиз керек” деп кошумчалады Олланд.

Президент Порошенко Ааханде Еврокомиссиянын төрагасы Клод Юнкер жана Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск менен да жекеме-жеке сүйлөштү.

Былтыр апрелден бери Чыгыш Украинада өкмөттүк күчтөр менен москвачыл жикчилдер арасында жүрүп жаткан урушта 6 миңден ашык адам апаат болгон. Ок атышпоо боюнча Германия жана Франциянын арачылыгы астында февралда жетишилген макулдашууга карабай, кез-кезде кагылышуулар болуп турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG