Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:04

Бүгүн Бишкекте гендердик теңчиликке жетүүдөгү Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн ролун талдаган эки күндүк эл аралык жыйын башталат. Парламенттин демилгеси менен уюштурулуп жаткан жыйын 15-16-май күндөрү "Ала-Арча" резиденциясында өтөт. Ага башка мамлекеттердеги парламентарийлер жана эксперттер да чакырылган.

Талкуу Пекин шаарында 1995-жылы уюштурулган Аялдардын абалы боюнча төртүнчү дүйнөлүк конференциянын 20 жылдыгына арналат.

Конференциянын максаты - эл аралык милдеттенмелердин алкагында гендердик теңчиликке жетүүдөгү кыргыз бийлигинин ролун арттыруу.

Кыргызстандын “Гендердик теңчиликти камсыздоодо негизги мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамында мамлекеттик органдарды түзүүдө аялдарга квота берүү зарылдыгы жазылган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG