Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Араванда 400 гектар жер коңшуларга сатылганбы?


Кыргыз-өзбек чек арасы
Кыргыз-өзбек чек арасы

Араванда 400 гектарга жакын жер Өзбекстанга сатылып кеткени тууралуу интернетте кабар тарады.

Төө - Моюн айыл округуна караштуу суу сактагычтын айланасындагы жерди коңшу өлкө биротоло тосуп алганы айтылууда. Жергиликтүү бийликтер жерди Өзбекстан жаап алганын тастыктап, бирок “сатылып кетти” деген маалыматтарды четке какты.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев Араванга эл менен жолугуу үчүн барган кезде Төө-Моюн айылынын тургундары алардын мал-жанын коңшу өлкөдөн келгендер уурдап жатканына даттанышып, Кыргызстандын 400 гектар жери да Өзбекстанга өтүп кеткенин айтышкан.

- Мурдагы жетекчилер жерди бөлгөндө жакшы караган эмес, көңүлкош, кайдыгер болушкан. Ошону үчүн биздин жерди ээлеп, биздин чек аралардын баары ачык калды. Азыр Араванда чек ара тактала электе эле, кирип келип тосуп жатышат. Мына Керкидан айылынан 400 гектар жерди өздөрүнө жөн эле каратып алышкан. Төө-Моюн айыл округу жалпы Өзбекстан менен 62 чакырымдай аралыкта чектешет. Өзбек тарабы толук тосулган, Кыргызстан тарабы баары ачык, каалагандар кире берет, - дейт Төө-Моюн айылынын тургуну Зайнабидин Абдылдаев.

Төө-Моюн айылынын жашоочулары
Төө-Моюн айылынын жашоочулары

Абдылдаевдин айтымында, коңшу өлкөнүн чек арачылары бир кыйла эле ичкери кирип кеткен. Аз убакыт мурдараак алар дагы бери жакка зым тор тартып, жерди казып салышкан.

- Чек арада ары-бери басуу кооптуу болуп калды. Мал уурдаганды мындай кой, чек ара тилкелерине жакыныраак бассаң адамдын деле буту-колун кайрып, баса калып алып кетишүүдө. Өзүбүздүн эгин талаабызга барыштан коркуп калдык. Мурда адамдарды кармап кетишсе эптеп акча берип чыгарып алчубуз, азыр дароо эле камайт. Кааласа өлтүрүп коюшат.

Жергиликтүүлөрдүн көйгөйүн уккан ички иштер министри Мелис Турганбаев чек ара тилкелерин тактоо жана коргоо анын компетенциясына кирбей турганын белгилеп, маселени өкмөткө жеткире турганын айткан.

Бирок ушундан көп узабай эле Төө-Моюн айыл округунда 400 гектардай жер Өзбекстанга сатылып кеткени тууралуу кабар тарады. Интернетте, социалдык тармактарда, ал тургай айрым маалымат каражаттарында да Аравандагы жер бир жыл мурда коңшу өлкөгө соодаланганы айтылган.

Жергиликтүү бийликтер кеп болуп жаткан 400 гектар жер Араван районундагы Керкидан суу сактагычынын айланасы экенин, аны Өзбекстан 15 жыл мурда эле тосуп алганын тастыктады. Төө-Моюн айыл округунун башчысы Санжар Абдуллаев буларга токтолду:

- Бул жер эч кандай Өзбекстанга сатылган эмес. Болгону Өзбекстан Керкидан суу сактагычын айландырып тосуп алган. Азыр деле көлдүн 60% бизге карашы керек эле, бирок алар берки тарабына чейин ээлеп, зымдарын коюп алышкан. Өзү суу сактагыч турган жер Кыргызстандыкы. Бир мезгилдерде жер алмашуулар болуп, анан аларда калып кеткен экен. Бул окуялар 2005-жылга чейин болгон.

Аравандын тургундары ички иштер министри Мелис Турганбаевге арыз-муңун айтууда.
Аравандын тургундары ички иштер министри Мелис Турганбаевге арыз-муңун айтууда.

Карта боюнча алганда Керкидан суу сактагычы дээрлик Араван районунун аймагында жайгашкан. Аны кезинде Өзбекстан Кыргызстан менен макулдашпай туруп куруп алган. Суу Кыргызстандын да жерин басып калгандыктан Ташкент кыргыз тарапка компенсация төлөп бермей болгон. Болбосо башка аймактардан Кыргызстанга жер өткөрүп бермек. Бирок канча убакыттан бери компенсация турмак, тескерисинче суу сактагычтын берки тарабына чейин чек ара тилкелерин жылдырып алган. Ушундан улам калк арасында жерлер сатылып кеттиби деген түкшүмөл пайда болгондой.

Жергиликтүү тургун Ашыралы Жолдошев кыргыз-өзбек чек аралары делимитация жана демаркация болмоюн бул жер коңшу өлкөнүн карамагында кала берерин белгилейт:

- Бул маселени чечүү үчүн биринчи кезекте чек араны тактоо керек. Анан албетте такталган жерлерин Кыргызстан татыктуу коргошу зарыл. Канткен күндө да жерди кайра Кыргызстан өзүнө алуусу зарыл. Антпесе булар Оштогу Кемпир-Абадды да, Керкиданды да менчиктеп алышты, демек эртең дагы башка жерлерди өкүмзордук менен тартып алышат. Ансыз деле Жалал-Абадда, Баткенде, Араван жана Кара-Суу райондорунан чек араларды биз тарапка жылдырып алышты. Биз болсо унчукпай жатабыз.

Буга чейин Чоң-Алайда 3000 гектар жерди түзгөн жайлоолор Тажикстанга сатылып кеткени тууралуу кабар тараган. Аз күн мурдараак Ала-Бука районунун Баймак айылынын тургундары алар пайдаланып келген 320 гектар жайыт жерди Өзбекстан өзүмбилемдик менен тосуп алганын айтып чыгышкан.

Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым аралыкты түзсө, учурда анын 320 чакырымы тактала элек. Кыргыз-тажик ортосунда болсо 971 чакырымдын, 471и талаштуу бойдон турат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG