Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Екатеринбургда кароосуз калган баланын апасы табылды


Сүрөттө: ата-энесин издеп жаткан бала
Сүрөттө: ата-энесин издеп жаткан бала

Орусиянын Екатеринбург шаарында кароосуз көчөдө калып, ата-энеси изделип жаткан кыргызстандык 4-5 жаштагы баланын апасы табылды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" баланы кокусунан ооруканада жаткан жеринен кезиктирип калып, анын жакындарын издөөгө киришкен кыргыз мигранты Эркинбек Курманалиев билдирди. Ал издеп жүрүп, баланын апасын тапкан. Бирок ал күйөөсү менен ажырашып кетип, жалгыз бой жашаганын, баласы шоктонгондо катуурак тыйып койсо сыртка чыгып кеткен бойдон келбегенин айткан. Курманалиевдин айтымында, азыр Екатеринбургдагы кыргыз консулдугу баланын кийинки тагдыры боюнча маселени кароодо.

Кыргызстандык мигранттар 10-майда интернет аркылуу бул баланын ата-энесине издөө жарыялашкан. Бала өзүнүн атын Болсунбек деп тааныштырган. Бишкектен болорун айтып, атасынын ысымын Майрамбек, апасыныкын Гүлмира деп атаган. Бала көчөдө адашып жүргөн учурда милиция алып келип, шаардагы ооруканалардын бирине таштап кеткен.

XS
SM
MD
LG