Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

"Ата Мекен" партиясы "Ааламдын" доосун четке какты


"Аалам" партиясынын төрагасы Бакытбек Малабаев бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, 2010-жылкы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясына берилген 60 миң долларды кайтарып берүүнү талап кылып жатышканын айтып чыкты. Анын айтымында, "Ата Мекен" "Ааламдын" лидерин партиялык тизмеге киргизип, депутаттык мандат убада кылган. Бирок убадасын аткарбай койгон.

"Ата Мекен" мындай дооматка дароо жооп кылып, "Аалам" партиясы менен шайлоого чейин да, андан кийин да кызматташпаганы тууралуу билдирүү таратты. "Аалам" партиясынын лидери А. Малиев "Ата Мекендин" атынан өз ыктыяры менен шайлоого барган. Бирок ал партиянын шайлоо фондуна салган акчасын Тоң районунда үгүт иштерин жүргүзүү үчүн кайра эле өзү чыгарып кеткен. Мындан улам "Ата Мекен" "Ааламга" карыз эмес жана эч нерсе убада кылган эмес", - деп айтылат билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG