Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

Бишкекте гендердик теңчилик боюнча эл аралык жыйын өтүүдө


Бишкекте Жогорку Кеңештин демилгеси менен «Пекин»+20 платформасынын шартында гендердик теңчиликке жетишүүдөгү парламенттин ролу» аттуу эки күндүк эл аралык конференция өтүүдө. Бүгүн башталган жыйында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев окуп берди. «Биздин өлкө бул чөлкөмдө бийликтин мыйзам чыгаруу бутагында аялдар болушу үчүн квота киргизген бирден-бир мамлекет. Бүгүн Кыргызстан өз тарыхынын эң бир урунттуу учурун баштан кечирип жатат жана анын жолу Кыргызстандын элинин жан-дилине жакын парламенттик башкаруу формасы аркылуу өтүүдө. Эгемендик жылдары өлкөдө гендердик тең салмактуулукту сактоо боюнча маанилүү мыйзамдар кабыл алынды», - деп айтылат анда

Конференциянын катышуучулары гендердик теңчиликке жетишүүдө парламенттин ролун, мыйзам чыгаруу механизмдери аркылуу гендердик теңчиликти илгерилетүү, гендердик мыйзам чыгаруу жана мыйзам жоболорунун гендердик экспертизасы, гендердик милдеттенмелерди аткаруу боюнча парламенттик көзөмөлдү институционализациялоо маселелерин талкуулашууда.

Эртең чечим кабыл алуу боюнча директивалык органдардын ишине аялдардын катышуусуна байланышкан маселелер талкууланат. Ага Кыргызстандын, Швециянын, Азербайжандын, Орусиянын, Түркмөнстандын, Хорватиянын парламент өкүлдөрү, Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин өкүлү Юкиэ Мокуо катышат.

Конференция "БУУ-Аялдар", Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги, ЮСАИД, ЕККУ, ЮНИСЕФ, УДИ, "Диалог Евразия" жана ПРООН сыяктуу уюмдардын колдоосу менен өтүүдө.

XS
SM
MD
LG