Линктер

шаршемби, 29-март, 2017 Бишкек убактысы 07:52

Таласта чек араны бузган казак жарандары кармалды


Кыргыз чек арачылары бүгүн Манас районуна караштуу Кара-Арча айылынан анча алыс эмес жерден чек арадан өтүү тартибин бузган эки казак жаранын кармашты. Териштирүү учурунда алар Кыргызстандын чек арасы аркылуу Казакстанга үч атты мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылганы белгилүү болду. Тиешелүү кагаздар толтурулган соң алар УКМКнын Талас облустук бөлүмүнө өткөрүлүп берилмекчи. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG