Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Бишкекте Али Хамраев устаттык сабак өткөрдү


Өзбекстандын көркөм өнөрүнө эмгек сиңирген ишмер, Хамзы атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, режиссер-сценарист Али Хамраев 15-майда Бишкекте устаттык саат өткөрдү.

"Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып Хамраев азыр кыргыз-өзбек киносунун кызматташтыгы акчага такалып калганын мындайча билдирди:

- Бизде мурда кызматташтык болгон, бири-бирибизге конокко келип, премьералар өткөрүлчү, бири-бирибизге жардамдашып, аймагыбызда кино тартчубуз, ал кезде эч кандай тоскоолдук жол болчу. Мурда цензура, идеологиялык бөгөт бар эле, азыр акчанын цензурасы болуп калды. Акчаң болсо кино тартасың, жок болсо тарта албайсың.

Хамраев Кыргызстанга "Ак илбирс" кыргыз улуттук сыйлыгын алганы келди. Сыйлык ага «Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы» үчүн ыйгарылды. (jch)

XS
SM
MD
LG