Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Депутат Карганбек Самаков камакка алынды


Карганбек Самаков
Карганбек Самаков

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков камакка алынды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Карганбек Самаковго 2007-2008-жылдары Бишкектин айланасындагы 260 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктеп алганы үчүн Кылмыш кодексинин “коррупция” беренеси боюнча иш козголгон. Учурда Самаков УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Карганбек Самаков камакка алынганын анын уулу Аман да “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, бүгүн депутатты УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Аман Самаков 2007-2008-жылдары атасы эч кандай мамлекеттик кызматта турбаганын, кылмыш иш негизсиз козголгонун кабарлоодо.

Депутат камалгандан кийин анын туугандары УКМК алдында чогулду. 15-май, 2015-жыл

Аман Самаков атасы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарына караштуу жер тилкелерин мыйзам чегинде сатып алганын айтууда. “Кылмыш иши саясий буюртмабы, же башкабы, өзүбүз түшүнбөй жатабыз”, - деди Аман Самаков.

52 жаштагы Карганбек Самаков парламентке “Ата Мекен” партиясынын тизмесинен шайланган. Бирок былтыр июль айында өз алдынча “Биримдик” партиясын түзүп, “Ата Мекенден” чыгып кеткен эле. Мындан соң “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестиктер орун алып, бул тууралуу коомчулукка кайрылуу да жолдогон. Кайрылууда Самаков “Ата Мекен” партиясы 2010-жылы шайлоо алдында берген убадаларын аткарбай, коалицияны таркатуу жана түрдүү компроматтар менен гана алышып, өкмөттү алмаштыруу менен алек болуп калды деп сындаган.

Акыркы бир жылдан бери Карганбек Самаковго каршы бир канча жолу нааразылык акциялары өткөн. Алар депутатты Бишкектин четиндеги Байтик, Кара-Жыгач айылдарындагы жерлерди мыйзамсыз алган деп айыптап келишкен эле.

Самаковго каршы өткөн нааразылык акциялары. 19-март, 2015-жыл
Депутат Самаковго каршы митинг өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00

Бул иш боюнча Аламүдүн районунун мурдагы акимине кылмыш иши да козголгон.

Жер тилкелери боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев камакка алынган. Ал Самаковдорго ишти жабууну убада кылып, 100 миң доллар пара талап кылганы айтылган.

Карганбек Самаков ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басарлыгын аркалап келген. Ал Кыргызстандын маданий мурастарын ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине каттатууга аракет жумшап жатканын шардана кылып келген эле.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG