Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:12

Украинада СССРди эске салган белгилерди колдонууга тыюу салынды


CCCРдин негизги символдорунун бири - орок жана балка.

CCCРдин негизги символдорунун бири - орок жана балка.

Президент Петро Порошенко өлкө аймагында СССРди эске салган белгилерди колдонууга жана коммунисттик доорду даңазалоого тыюу салган мыйзамга кол койду. Анда 1917-1991-жылдар аралыгындагы бийлик кылмыштуу режим деп аталат. Документке ылайык, Владимир Ильич Ленин баш болгон совет учурундагы лидерлердин эстеликтери кулатылат. Сүрөттөр жана жазуулар өчүрүлөт.

Бул мыйзам долбоору апрель айында парламент тарабынан жактырылгандан кийин Орусия кескин сындап чыккан эле.

Москва Крымды аннексиялап алгандан бери Украина Орусия менен мамилесин дээрлик үзө баштаган. Мамлекет чыгышында москвачыл жикчилдер менен өкмөт күчтөрүнүн ортосунда бир жылдан ашуун убакыттан бери жүрүп жаткан салгылашууда 6000ден ашуун адам өлдү. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG