Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:50

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун тарапкерлери бүгүн Башкы прокуратуранын алдында тынчтык митингин уюштурат. Алар Самаков саясий буйрутма менен камалганын айтып, бийликтен адилет чечим кабыл алууну суранышат. Акция бүгүн түшкө жуук башталарын депутаттын уулу Аман Самаков “Азаттыкка”билдирди. Тынчтык митингине Жогорку Кеңештин депутаттары, манасчылар жана башка санаалаштары чакырылган.

Карганбек Самаков 15-май күнү УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага 2007-2008-жылдары Бишкектин айланасындагы 260 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” беренеси боюнча иш козголгон. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG