Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Ооганстанда ага прокурорду өлтүрүп кетишти


Пактия провинциясынын ага прокурору Нажибулла Султанзай 14-май күнү Кабул шаарындагы өз үйүнүн жанында өлтүрүлгөнүн жергиликтүү булактар кабарлады. Маалыматтарга караганда, анын эшигин белгисиз кишилер каккылап, прокурор дарбазаны ачкан учурда атып кетишкен. Бул кылмышка жоопкерчиликти талиптер мойнуна алды.

Өлкөдө укук тармагындагы аткаминерлерге кол салуулар соңку учурда көбөйө баштады. Жакында эле Башкы прокуратуранын кызматкерлерин ташыган автобус аткыланган.

Ал арада АКШнын учкучсуз учактары тарабынан Нангархар провинциясында 14-май күнү беш согушкер жок кылынганы расмий кабарланды. (SE)

XS
SM
MD
LG