Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

Кокондо хижаб оронгон жана топу кийгендер базарга киргизилбей жатат


Диний кийимдерге тыюу салган жарыя. Кокон шаарындагы "Дыйкан базары", 2015-жыл, май.

Диний кийимдерге тыюу салган жарыя. Кокон шаарындагы "Дыйкан базары", 2015-жыл, май.

Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Кокон шаарындагы базарларга хижаб сымал жоолук салынган аялдар жана диний ак топу кийген эркектер киргизилбей жатат. Базар ээлери “Азаттыктын” өзбек кызматына берген маалыматка ылайык, бул талап сатып алуучуларга да, соодагерлерге да тиешелүү. Ал эмес, чет элдиктер да диний кийимде базарга кире албайт.

Соңку бир жума ичинде шаардагы тогуз базардын кире беришине хижаб жана ак топуга тыюу салган чоң жарыялар илинди. Бул бийликтин буйругу экени, аны аткарбагандарга административдик жаза колдонулары эскертилген. Маалыматка ылайык, алгачкы эскертүүлөрдүн бири кыргызстандык жаранга берилди. Оштон Кокондогу тууганын көргөнү барган айымды хижаб кийип алганы үчүн күзөт кызматкерлери базардан чыгарып салышкан.

Өзбекстанда буга чейин диний кийимдерди кийүүгө тыюу салынып, шаарларда күч кызматкерлери тарабынан жоолук чечтирүү өнөктүгү жүргөн. Кокон базарларындагы тыюу салуу акырындап башка шаарларда да жайылышы мүмкүн экени айтылууда. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG