Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:41

Досоновдун ишин кыскартуу боюнча прокуратурага өтүнүч жиберилди


Кадыр Досонов

Кадыр Досонов

Кылмыш дүйнөсүндө “Жеңго” деген каймана ат менен белгилүү Оштогу кримчөйрөнүн анабашы атыккан Кадыр Досоновдун ишин кыскартуу боюнча анын адвокаты Назгүл Сүйүмбаева Ош шаардык прокуратурасына өтүнүч жиберди. Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген адвокат анын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Кадыр Досонов милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө аралашкан деп айыпталууда. Бирок полковниктин өмүрүнө кол салынган учурда Досонов камакта болчу. Анын үстүнө бул иш боюнча иш сотко жеткен. Ошондуктан, кылмыш ишин кыскартуу боюнча 15-майда өтүнүч келтирдим.

Досоновго мурда ички иштер органдары тарабынан карактоо, маңзат соодасы жана адам уурдоого байланышкан оор айыптар коюлуп камалган. 2013-жылы жазында сот тарабынан акталып, боштондукка чыккан. Полковник Шоноев ал эркиндикке чыгардан үч ай мурда өлтүрүлгөн.

Быйыл февралда полковниктин өлүмүнө шектүүлөрдүн бири Досоновдун бул кылмышка катышы бар экенин айткандан соң кайра колго түшкөн. Бирок Досоновдун кылмышка табакташ экенин айткан адам кийинчерээк көрсөтмөсүн өзгөрткөн. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG