Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын шаардык кеңештеринин депутаттары кичи-футбол боюнча беттеш өткөрүп жатышат. Ага республиканын түрдүү калааларындагы эл өкүлдөрүнөн куралган 19 команда катышууда. “Калыс” стадионунда уюштурулган мелдеш эки күнгө созулат.
Мындай спорттук мелдеш 2014-жылы Нарын шаарында башталып, Бишкек, Ош жана Таласта уланган. Жалал-Абад шаардык кеңеши эстафетаны эми Караколго өткөрөт. (RsK)