Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:05

Чек араны бузган эки өзбек жараны кармалды


Аксыда кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн Өзбекстандын эки жараны сурак берүүдө. Аларды Ала-Бука районундагы Өзбекстан менен чектеш “Кербен” чек ара бөлүгүнүн кызматкерлери менен Аксы райондук милициясынын өкүлдөрү 15-май күнү кармаган.

Колго түшкөн учурда алардын жанында эч кандай документ болгон эмес. Алар Кыргызстандагы туугандарынан кабар алганы келишкенин айтышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG