Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Чүйдө жол кайгуул кызматкерлери мушташа кетти


Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын Жол кайгуул кызматынын эки өкүлү мушташып, бирөө табелдик куралдан атылган октон жабыркады. Өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн бул окуяга байланыштуу жыйын куруп, күч органдарынын өздүк курамдарында тартип начарлап кеткендигин сындады.

Мушташ 16-майга караган түнү, саат 2лер чамасында болгон. Өкмөт башчы окуя тезинен иликтенип, натыйжасы маалымдалышын тийиштүү органдарга тапшырды жана мындайга жол бергени үчүн облустук Ички иштер башкармалыгы менен Жол кайгуул кызматынын башчылары жооп бериши зарылдыгын белгиледи.

Милиция мушташтан жабыркаган кызматкердин абалы боюнча комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG