Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

Самаковду колдоо акциясы эртең да уланат


Карганбек Самаковду колдоо акциясы. 16-май, 2015-жыл. Бишкек.

Карганбек Самаковду колдоо акциясы. 16-май, 2015-жыл. Бишкек.

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун бошотулушун талап кылгандардын тынчтык митинги 17-май күнү Бишкектеги Октябрь райондук сотунун жанында уланат. Бүгүн акцияга чыккандар ушундай чечим менен тарап кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттын басма сөз катчысы Нурдин Дүйшөнбеков билдирди. Самаковдун баш коргоо чарасы жекшембиде аталган сотто каралат.

Карганбек Самаковго Бишкектин айланасындагы 260 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп 14-майда кылмыш иши козголгон. Эртеси күнү УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Бүгүн аны колдоп Башкы прокуратуранын алдына беш жүздөн ашуун адам чогулду. Алар башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов жана Тергөө башкармалыгынын башчысы Мирбек Расулов менен жолугушуп, ишти адилет кароону талап кылышты. Абалга милиция көз салып турду.

Самаковдун жакындары депутаттын кармалышын саясий буйрутма катары сыпаттоодо. Ал эми башкы көзөмөл органы баары мыйзам чегинде экенин белгилеп жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG