Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:12

14-май күнү “Балдарды коргоо лигасынын” кызматкерлери тарабынан Чүйдүн Аламүдүн районунун айылдарынан биринен өгөй атасы тарабынан зордукталды деп шектелип, он жана алты жаштагы эже-сиңди Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына алынып келинген. Алардын энесинин “Азаттыкка” айтымында, күйөөсү кыздарына бир нече жылдан бери сексуалдык кордук көрсөтүп, уруп-сабап келген.

Учурда бейтапканада жатышат. Кыздардын алган жаракатын оорукананын Проктология бөлүмүнүн башчысы, дарыгер Рустам Тазабеков да тастыктады. “Балдардын укугун коргоо лигасы” аларга укуктук колдоо көрсөтүүдө. Кыздардын дарылануусу үчүн материалдык көмөк жана кийим-кече керектигин апасы билдирди. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG