Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Футбол: Кыргызстан Кувейт менен тең чыкты


Футбол боюнча Кыргызстан менен Кувейттин олимпиадалык курамаларынын 2016-жылдагы тандоо оюнундагы беттеши 0:0 эсебинде аяктады. Беттеш 16-май күнү Бириккен Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарындагы Al Qattara стадионунда өттү. Оюндун экинчи бөлүгүндө кыргыз футболчулары үстөмдүк кылып, атаандаштарынын дарбазасына бир нече кооптуу чабуулдарды узатышканы менен эсеп ачылган жок.

Бул оюнда кыргызстандыктардан төртөө - Ахлидин Исраилов, Бахтияр Дүйшөбеков, Акрамжан Умаров, Санжар Шаршеев жана Кувейт курамасынын капитаны, коргоочу Сами Алсани сары айып кагаздарын алышты.

Азия чемпиондугунун тандоо оюндарында Кыргызстан В тайпасында Пакистан, Кувейт жана Иордания өлкөлөрү менен бир тайпада ойноп жатат. Ушул эле күнү Иордания футболчулары пакистандык атаандаштарын 5:0 эсебинде утуп алышты. Кыргыз футболчулары 18-майда Иордания, 20-майда Пакистан менен ойнойт. (ECh)

XS
SM
MD
LG