Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:26

Самаковдун тарапкерлери митингди убактылуу токтотту


Cамаковду колдоп Башкы прокуратуранын алдына наарызылык акциясына чыккандар. 16-май, Бишкек.

Cамаковду колдоп Башкы прокуратуранын алдына наарызылык акциясына чыккандар. 16-май, Бишкек.

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун бошотулушун талап кылгандар тынчтык митингин убактылуу токтотушту. Акцияны улантуу же улантпоо соттун чечимине көз каранды болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттын басма сөз катчысы Нурдин Дүйшөнбеков билдирди. Самаковдун баш коргоо чарасы бүгүн түштөн кийин Бишкектин Октбярь райондук сотунда каралат.

Карганбек Самаковго Бишкектин айланасындагы 260 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп 14-майда кылмыш иши козголгон. Эртеси күнү УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

16-майда анын бошотулушун талап кылып, Башкы прокуратуранын алдына беш жүздөн ашуун адам чогулган. Алар наарызылык акциясын бүгүн да улантышарын кабарлашкан болчу.

Самаковдун жакындары депутаттын кармалышын саясий буйрутма катары сыпаттоодо. Ал эми прокуратура баары мыйзам чегинде экенин белгилеп жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG