Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Белгилүү ишкер жана публицист Табылды Эгембердиевдин сөөгү 19-майда жерге берилет. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектин түштүк-чыгышындагы "Супара" этнографиялык комплексинде болот. Сөөгү Беш-Күңгөй айылынын көрүстөнүндө жерге берилет.

Табылды Эгембердиев 64 жашында узакка созулган оорудан кийин Бишкекте дүйнө салды.

Ал 1992-жылы иниси Жумадыл менен бирге кыргыздын улуттук суусундуктарын чыгарган "Шоро" компаниясын негиздеген. Акыркы жылдары тоо туризмин өнүктүрүүнү максат кылып, өлкөдөгү уникалдуу "Супара", "Супара-Чуңкурчак" этнокомплекстерин түптөп, ийгиликтүү жетектеп келген.

1990-жылдардын башында коомдук-саясий турмушка активдүү аралaшып, Кыргызстан Демократиялык Кыймылын (КДК) негиздөөгө катышып, өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөргө зор салым кошкон. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG