Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:29

Македонияда оппозициянын ири нааразылык акциясы өтөт


Македонияда бүгүн оппозиция азыркы бийликке каршы миңдеген кишилердин катышуусунда митинг уюштурганы жатат. Борбор калаа Скопьеде өтө турган акцияда премьер-министр Никола Груевски баштаган өкмөттүн отставкасы талап кылынат.

2006-жылдан бери өкмөт башчы болуп келаткан Груевски митинг тууралуу кабардан мурда кызматтан кетпей турганын жарыялаган эле.

Ал арада Кремль “Македонияда түстүү ыңкылап жасаганы атат” деп Батышты күнөөлөп чыкты.

Мурда Югославиянын курамына кирген бул өлкөдө акыркы айларда болуп жаткан саясий кризис Куманово шаарында 9-май күнү полиция жана этникалык албандар ортосундагы атышуудан кийин күчөдү. Ал күнү 18 адам курман болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG