Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Кыргызстандыкты өлтүргөн орус жарандары узак мөөнөткө соттолушту


Орусиянын Иркутск шаарында жергиликтүү үч тургун 21 жаштагы кыргыз жаранынын өлүмүнө күнөөлүү деп табылды. Алар адам өлтүрүү жана улут аралык кастык козутуу боюнча айыпталып, 15-16 жылга соттолушту. Абак мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөшөт. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

Иликтөө тыянагына ылайык, 2014-жылдын январь айында жергиликтүү тургундар көчөдө бараткан кыргызстандык жарандын жолун тороп, сабашкан. Бир канча жолу бычак сайышкан. Натыйжада кыргыз жараны көз жумган.

Кылмышкерлер 23-25 жаштагы жигиттер.

XS
SM
MD
LG