Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Самаков үй камагына чыгарылды


Эки күн мурун камакка алынган Карганбек Самаковдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Аны эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде Октябрь райондук соту үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Самаковдун басма сөз катчысы Нурдин Дүйшөнбеков “Азаттыкка” билдирди. Аталган маалыматты Самаковдун адвокаты да тастыктап, депутат эки айга үй камагына чыгарылганын маалымдады.

ЖК депутаты Карганбек Самаковго Бишкектин айланасындагы 260 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп 14-майда кылмыш иши козголгон. Эртеси күнү УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG