17-май күнү кечинде өгөй атасынан запкы көрдү делген эже-сиңдиге кайрымдуулук жардамын көрсөткөнү барган “Жардамдашуу оңой” фондунун ыктыярчылары кыздарды ооруканадан таппай калышкан. Медайымдар жана чогуу дарыланып жаткандар болуп издеп, акыры кыздардын апасы Махабат аларды алып качып кеткени аныкталды.
14-май күнү социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына 10 жана 6 жаштагы эже-сиңдини өгөй атасы зордуктады деген шек менен алып барышкан. Догдурлардын текшерүүсүнөн кийин кыздардын жыныстык органдарына доо кеткени такталган. 16-май күнү “Азаттыкка” маек берип жатып, кыздардын апасы күйөөсүнүн байланыштары көп экенин жана андан коркорун билдирген.
Бул окуяга байланыштуу балдардын укугун коргоочулар тартип сакчыларына кайрылып, жардам сурашууда. (BCh;ZKo)