Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:34

Виктория Нуланд орусиялык дипломаттар менен жолугат


Виктория Нуланд
Виктория Нуланд

АКШ мамкатчысынын жардамчысы Виктория Нуланд дүйшөмбүдө Орусиялык дипломаттар менен жолугат. Анда Украинага байланыштуу маселе талкууга алынат деп күтүлүүдө. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүнүн күн тартибинде Украинадагы кризис талкууланарын билдирсе, АКШ мамлекеттик департаменти жолугушуудагы негизги маселе - Донбасстагы чатакты тынчтык жолу менен жайгаштыруу тууралуу Минск келишиминин аткарылышы болорун айтышты.

Москвага келгенге чейин Виктория Нуланд Киевде украин президенти Петро Порошенко менен жолуккан. Бир нече күн мурун АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри орус президенти Владимир Путин жана Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү тууралуу кеп кылган.

XS
SM
MD
LG