Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

Рамзан Кадыров: Жохар Царнаев АКШ атайын кызматтарынын курмандыгы болду


Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Жохар Царнаевди АКШ атайын кызматтарынын курмандыгы деп атады.

Ал Instagram социалдык баракчасында Тамерлан Царнаевдин “кызыктай кырдаалда өлтүрүлүүсүнөн кийин Жохар Царнаевге ондогон берене боюнча шашылыш айып тагылды" деп жазды. Ал ошондой эле Царнаевдер Бостондогу террактты атайын кызматтын жардамысыз ишке ашыралбасын айтат.

15-май күнү Сот арачылар Бостон шаарындагы марафон учрундагы терактка айыпталып жаткан 21 жаштагы Жохар Царнаевди дары куюу менен өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарды.

Жохар Царнаевге 2013-жылы Бостондогу марафондо болгон жардыруу үчүн 30 пункт боюнча айып тагылган. Алардын жетөө Жохарды өлүм жазасына тартууга негиз берет.

Улуту чечен Жохар Царнаев 90-жылдардын башында атасы башка чечендер менен кошо Кыргызстандан Түндүк Кавказга барганда туулган. Кийинчерээк Чеченстандагы согуштан качып, кайрадан Кыргызстанга, андан кийин Дагестанга барган Царнаевдер 2001-жылы АКШга көчүп барышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG