Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Ошто шайлоого байланыштуу тегерек үстөл болот


“Шайлоонун инновациялык технологиялары” деген аталыштагы иш-чара бүгүн Ош шаарында өтөт. Анда шайлоочулардын тизмесинин биометрикалык маалыматтарга негизделип түзүлүшү, добуш берүүдөгү жаңы технологиялык ыкмалар жана башка маселелер тууралуу кеп болмокчу.

Иш-чараны “Таза шайлоо” ассоциациясы БШК менен чогуу өткөрүүдө.

Кыргызстанда быйыл парламенттик шайлоо болот. Алдын ала маалыматтар боюнча шайлоо күзүндө, октябрь-ноябрь айларында өтөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG