Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:03

Чек ара кызматы: Өзбекстандан 300 кг жез ташып келаткандар кармалды


Чек ара кызматынын маалыматына караганда, кыргыз-өзбек чек арасындагы Айдаркен отрядынын кызматкерлери Өзбекстандан 300 кг жез жана 30 мүшөк селитраны мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасагандар кармалды. Окуя 16-майда болгон.

Кармалгандар Кыргызстандын үч жараны экени аныкталды. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, аткезчилик жүктүн баасы 70 миң сомдон ашат.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар күч органдарына өткөрүлүп берилди. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG