Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

ИИМ: Өмүрзаков милициянын көзөмөлүндө


Кылмыш дүйнөсүндө "Карышкыр" каймана аты бар Мурсалим Өмүрзаков жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу боштондукка чыкты, бирок ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Каниметов билдирди.

- Жаза мөөнөтү аяктагандан кийин Конституция боюнча анын өлкөгө чыгып-кирүүсүнө бөгөт кое албайбыз, - деди Каниметов.

Өмүрзаков 2013-жылы Орусияда “мыйзамдагы ууру” наамын алгандан кийин кармалып, ошол жылдын күзүндө Кыргызстанга алынып келинген. Бир ай мурда Орусияга чыгып кеткен.

"Азаттыктын" "Кокус ал жактан мигранттарга кысым көрсөтпөйбү?" деген суроосуна Каниметов "Мүмкүн, бирок бул маселе ИИМдин Москвадагы өкүлү Алиевдин көзөмөлүндө" деди. (MTo/RK)

XS
SM
MD
LG